Кыргызстан

“Альфа Телеком” жабык акционердик коому аукционго коюлду

Mega соода маркасындагы, мурдагы MegaCom “Альфа Телеком” жабык акционердик коому аукционго коюлду. Бул туурасында Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.

Компаниянын баштапкы баасы 14,6 миллиард сомго же 166 миллион долларга бааланган. Аукцион электрондук түрдө өтүп, ар бир баскычта 200 миллион сомдон көтөрүлүп турат. Сатып алууну каалаган тараптар табыштамаларын 4-июль саат 10:00дөн 2-октябрь саат 10:00гө чейин жөнөтсө болот. Ошол эле күнү саат 16:00дө электрондук соода аянтчасы порталында аукцион өтөт.

Мамлекет ээлик кылып келген “Альфа Телекомдун” 8 миллион 700 миң 100 даана акциясы болсо, ошонун баары толугу менен сатылат. Аталган компаниянын 2,5 миллион сомдон ашык абоненти, 5 503 базалык станциясы бар экени жана 1 292 адам эмгектенери жазылган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тараткан билдирүүгө ылайык, аукционго жеке жактар да, юридикалык тараптар да катыша алат. Эске салсак, “Альфа Телеком” ишканасынын акциясынын 100 пайызы мамлекетке тиешелүү. Бийликтин көп жылдар бою компанияны сатуу аракетинен майнап чыкпай, анын баштапкы баасы бир нече жолу өзгөргөн.

Булак: УТРК

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button