Кыргызстан

Кыргызстандын беш аймактык ооруканасына компьютердик томография орнотулду

Кыргызстандын беш аймактык ооруканасына компьютердик томография орнотулду. Буга чейин аймактардагы жарандар компьютердик томографиядан өтүү үчүн Бишкекке келсе, эми облустук ооруканаларга аталган жабдуу коюлду.

Баасы дагы жеткиликтүү. Зарыл болсо, бейтаптар туура диагноз коюуга жардам бере турган Бишкектеги адистерге томографиянын сүрөттөрүн жөнөтө алышат. Медициналык жабдуулар Ысык-Көл, Нарын, Талас, Жалал-Абад жана Ош облустук ооруканаларына орнотулган.

Булак: УТРК

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button