Кыргызстан

Кыргызстандык окуучу биология боюнча эл аралык мелдеште коло медаль жеңип алды

Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу “Данияр Гаипов” биология боюнча 34-Эл аралык олимпиадада (International Biology Olympiad, IBO) коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган олимпиада 3-июлдан 11-июлга чейин Бириккен Араб Эмиратынын Аль-Айне шаарында өтүп, ага 79 өлкөдөн 297 окуучу катышкан.

“Мындан сырткары Кыргызстандын 6 окуучудан турган математика боюнча курама командасы Японияда өткөн математика боюнча 64-Эл аралык олимпиадага катышып келди. Курама команда жалпысынан 79 упай топтоп, бирок медалга жетпей калды.

6 окуучу олимпиадага катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланды”, – деп жазылат маалыматта.

Булак: Супер-Инфо

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button