Кыргызстан

Өлкөдө 1-класска 97 миңден ашуун бала кабыл алынды

Ушул жылдын 3-июлуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 97 миң 486 бала кабыл алынды, бул жалпы квотанын 52,5 пайызын түзөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Электрондук каттоодо баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү эң көп активдүүлүктү Бишкек шаарынын Октябрь районунда – квотадан 82 пайыз, Талас облусунун Кара-Буура районунда – 79 пайыз, Нарын облусунун Жумгал районунда – 74 пайыз, Талас облусунда – 60 пайызды көрсөттү.

Эң аз активдүүлүк Жалал-Абад облусунун Сузак районунда – 36 пайыз, Ош облусунун Алай жана Ноокат райондорунда – 38 пайыз байкалды.

Биринчи класска электрондук кабыл алган 2 миң 84 жалпы билим берүү уюмдарынын ичинен 117 билим берүү мекемесинде орундар толду. Тагыраагы, Бишкекте 96 мектептин 33ү, Ош облусунда 514 мектептин 18и, Баткен облусунда 224 мектептин 14ү толду.

Белгилей кетсек, 26-июндан 31-августка чейин 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы өтүүдө. Экинчи этапта жашаган жерине карабастан баланы каалаган мектепке каттоого болот, эгерде бош орундар бар болсо.

Булак: Супер-Инфо

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button