Ош облусу

Үйлөнүү тоюн бир күндө өткөргөн Жаныш менен Байыштын кызыктары

Ош облусунун Алай районуна караштуу Кара-Булак айылынын тургундары – жаштагы эгиздер Жаныш жана Байыш Тообаевдер бир күндө үйлөнүшүп, той өткөрүштү.
«Биз эки тондо жайгашкан эгиздербиз. Бизден мурда эки эжем, бизден кийин эки карындашыбыз бар. Апам кош бойлуу кезинде эгиз экенибизди билгенден кийин чоң энем экөө сыр тутуп, эч кимге айтпай төрөптүр. Төрөлгөн соң ата жана таяке тараптан ар кимиси келип карашкан экен.
Жөрмөлөп калган учурдан баштап ашык шок болгондугубуздан бир адам карай албай, эки-үч адам болуп карашыптыр. Бир жактарга кетип калышпасын деп, жолдорду да тосуп коюшчу экен», – деп балалыгын эскерет эгиздердин бири Жаныш Тообаев
Эгиздердин мүнөздөрү, тандаган кесиптери ар башка. Жубайларын Өзгөн жана Ноокат райондорунан алышкан.
«Эгиздерге үйлөнөбүз деген оюбуз болгон, бирок тагдыр экен андай болбоду. Тоюбузду бир күндө өткөрүү үй-бүлөлүк чечим болду. Байыштын жубайы мени байке, аялымды жеңе дейт. Менин жубайым Байышты байке, жубайын атынан айтат», – дейт Жаныш Тообаев.

Булак: Turmush

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button