Ош облусу

Кара-Суудагы базарга жакын жерден чыккан ири өрт өчүрүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КР

Тилсиз жоо 1 044 куб метр жерди жалмап кеткен. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.
Бүгүн Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы “Оомат” базарына жакын жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:04тө бир машина, 14:14тө дагы бир машина, жалпы эки өрт өчүрүүчү унаа барып иштеген.

Мындан сырткары, 3 күжүрмөн эсеп жана ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Н. Шаматов баштаган ыкчам топ тартылган.

Өрт саат 15:05те чектөөгө алынып, 20:43тө толугу менен өчүрүлдү.

Тилсиз жоо 1 044 куб метр жерди жалмап кеткен. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.

Учурда материалдык чыгымдар эсеби жана кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Булак: Спутник

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button