Ош облусу

Ошто тоскоолдукка кабылган кореялык музыкант кыргыз милиционерлери боюнча үн катты

Ошто кореялык музыкантка юридикалык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Дүйнөнү өзүнүн унаасы менен кыдырууга чыккан кореялык музыкант жана саякатчы Янг Ди Со Ош облусунун аймагына жетти. Чек арадан өтүүдө тил тоскоолдугуна кабылган саякатчыга Ош ОИИБдин туристтик взводунун кызматкерлери жардамга келишкен.

Түшүнбөгөн маселе боюнча жооп алган, юридикалык жардам көрсөтүлгөн саякатчы кошуна мамлекеттин аймагына жөнөтүлгөн. Эгерде өз учурунда жардам көрсөтүлбөгөндө, кошуна мамлекет аркылуу башка мамлекетке учуп кетүүгө кечигип, бир топ чыгымга учурамак.

Ал өз учурунда жардам көрсөткөндүгү үчүн Ош облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик взводуна ыраазычылык билдирди. Ушундай эле ыраазычылык Түркия мамлекетинин жарандары тарабынан да билдирилген.

Аталган туристтик взводдун кызматкерлери 50дөн ашуун чет өлкөлүк туристтерге ар тараптуу жардам көрсөтүшкөн.

Булак: Turmush

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button