Ош шаары

Ош шаарында 68 үй-бүлөгө жардам катары 100 миң сомдон берилди

© Фото / пресс-служба мэрии города Ош

Үй-бүлөлөргө каражат мамлекеттен чакан бизнес ачуу үчүн кайтарымсыз түрдө берилген.

Ош шаарында аз камсыз болгон 68 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу шаардык муниципалитет кабарлады.

Иш-чарага мэриянын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле социалдык келишим түзүүгө укук алган үй-бүлөлөр катышты. Аларга каражат мамлекеттен чакан бизнес ачуу үчүн кайтарымсыз түрдө берилген.

Эскерте кетсек, Ош шаары боюнча “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучуларды колдоо максатында түзүлгөн социалдык келишимди ишке ашырууда министрлик тарабынан 60 квота бекитилген. Анын негизинде калаадан 105 үй-бүлө арыз берген.

Булак: Спутник

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button