Ош шаары

Ошто бир катар сулуулук салондоруна айып пул салынды

Ош шаарында бир катар сулуулук салондору текшерилип, айрымдарына айып пул салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мэрия, муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери кан аркылуу жугуучу оорулардын алдын алуу максатында жеке менчик косметология, сулуулук салондор, ийне саюучу, хижама бөлмөлөрүндө АИВ/СПИДге, гепатитке каршы санитардык-гигиеналык эрежелердин аткарылышы боюнча рейд жүргүзүштү.

Текшерүү учурунда 8 косметологиялык салондун залалсыздандыруу эрежелерин сактабаганы аныкталып, жумушун токтотуу боюнча санитардык көрсөтмө даярдалып, чара көрүү үчүн ички иштер башкармалыгына кат жиберилген.

“Жогорку медициналык билими жок кызмат көрсөткөн 14 кызматкерге “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, 70 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Аларга талапка ылайык калыбына келтирүү иштери жасалмайынча ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу боюнча санитардык көрсөтмөлөр берилди”, – деп жазылат маалыматта.

Булак: Супер-Инфо, Автор: Айпери Бакталбек кызы, Фото: Ош шаардык мэриясы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button