Ош шаары

Оштогу «Жылуулук камсыздоо» ишканасы мыкты салык төлөгөн 15 мекеменин катарына кирди

Ош шаарындагы муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасы Салык кызматы тарабынан Кыргызстандагы мыкты салык төлөгөн 15 ишкананын катарына кирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ишкананын жетекчиси Бекмурза Эргешовдун айтымында, 5 айдын жыйынтыгы чыгарылып, мыкты салык төлөгөн ишканалар аныкталды.

«Салык – өлкө казынасынын ажырагыс бир бөлүгү. Андыктан биздин ишкана салыкты кечиктирбей, убагында толук төлөп турат. Мен ойлойм, бул да болсо өлкө бюджетине болгон салым жана мамлекет башчыбыз менен шаар мэринин саясатынын приоритеттүү багыттарынын бири. Ошондой эле биздин ишкананын саясаты да ушундай», – деди Эргешов.

Булак: Turmush

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button