Дүйнө жаңылыктары

Эли жылкыны даңктап, меймандос келет. Монголия тууралуу эмнелерди билесиз?

Монголия десе алгач Чыңгыз ханды же орто кылымда жашаган, мал чарбачылыгы менен алектенген көчмөн монгол элин элестетесизби? Анда жаңылган жоксуз, себеби Монголияда азыркыга чейин калктын басымдуу бөлүгүн көчмөндөр түзөт. Табиятка өзгөчө жакын монгол эли меймандостугу менен суктандырса, Монголия жаратылышы жана климаты менен башка өлкөлөрдөн айырмаланып турат. Төмөндө Монголия жана монгол эли тууралуу баяндайбыз.

 

Өлкө катары

Монголия Чыгыш Азияда жайгашкан мамлекет болуп саналат. Ал түндүгүнөн Орусия, ал эми түштүгүнөн Кытай менен чектешет. БУУнун бардык структурасына жана ШКУда байкоочу макамга ээ. Расмий тили монгол тили болсо, жазуусу боюнча кириллицаны колдонот.

1924-жылы Богдо хан каза болгондон кийин Советтер Союзунун таасири менен Монгол Эл Республикасы түзүлгөн, бирок 1991-жылы Монголия болуп өзгөргөн. 1992-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык, Монголия парламенттик республика болуп саналат, анда Мамлекеттик Улуу Хурал мамлекеттик бийликтин жогорку органы болуп дайындалган. Ошол эле учурда президент мамлекет башчысы болуп жарыяланып, ага кыйла чектелген ыйгарым укуктар берилген. Көпчүлүк өлкөлөрдөй эле Монголияда да президент менен парламент 4 жылдык мөөнөткө шайланат.

Калкы

Аймагынын чоңдугу боюнча дүйнө жүзүндө 19-орунда турса дагы, Монголияда 3,3 миллион гана калк жашайт. Анын 83 пайызын монголдор түзсө, 3,8 пайызын казактар, 1,4 пайызга жакынын буряттар жана башка улуттар түзөт.

Монголияда үч гана чоң шаар бар жана калктын дээрлик 45 пайызы борбордо жайгашкан. Калктын 30 пайызын туруктуу бир жерде жашабаган көчмөндөр түзсө, калган элдин басымдуу бөлүгү чакан шаарларда жана кыштактарда жашашат. Монголияда 1 чарчы метрге 1,75 адам туура келет, ошол себептен жүздөгөн чакырым жол жүргөндөр бир дагы жаранды жолуктура албашы мүмкүн.


Климаты

Монголияда кыш аябай суук, ал эми жай мезгили аябай ысык болот. Өзгөчө эң төмөнкү жана жогорку температура Гоби чөлүндө катталат. Ал эми Улан Батор шаары дүйнөдөгү эң суук борбор шаар катары белгилүү, анда абанын температурасы кышында 40 градустан төмөн жана жайында 40 градустан ашат.

Тамак-ашы

Монгол эли этти сүйүп жеген калк. Аларда жөнөкөй чайга дагы чүчпара кошулат, мындай тамакты “банштай йай” деп аташат. Эгер чүчпара жок болуп калса, анда сөзсүз жаныбар майын чайга кошуп ичишет. Монголияда жашылча-жемиштерди өтө көп колдоно беришпейт, ал эми вегетариандарды психологиялык ооруга чалдыккандар деп эсептешет. Мал чарбачылыгы менен алектенген бул өлкөдө жашылчалардын ордуна кой, уй жана козу эттерин көп колдонушат. Баса, монголдор мурда балыкты ыйык деп эсептешкендиктен, аны тамак-ашта колдонушкан эмес. Азыр дагы балыкка суроо-талап төмөн, айрым тамактануучу жерлерде гана туристтер үчүн деп атайын балыктарды сакташат.


Билим берүүсү боюнча

Монголияда калктын көпчүлүгү жылына бир нече ирет жер которуп жашагандыгы үчүн балдардын билим алуусун камсыздоо кыйын. Ошол себептен бул өлкөдө көчмөндөрдүн балдары үчүн атайын мектептер бар. Анда окуучулар да ата-энеси көчкөн аймакка улам которулуп, билим алуусун улантып турушат. Ошол себептен Монголияда балдардын 2 пайызы гана сабатсыз болуп саналат. Бирок билим алууга көңүл бурулганы менен калктын техника менен камсыз болушу артта калган. Алар азыркыга чейин кийимдерин дарыядагы сууга жуушат.

Ырым-жырымдары

Монголдор каада-салтка, ырым-жырымдарга өзгөчө маани беришет. Алсак, эгер бир адамдын бутун кокусунан басып алса, анда дароо анын колун кысып учурашуу керек. Калктын ою боюнча, бутту тебелеп, бирок колун кармабаса, анда алар душманга айланып кетет. Монголияда үй ичинде ышкырууга болбойт, анткени жергиликтүү ишенимдер боюнча ышкырык каардуу рухтарды үйгө чакырышы мүмкүн. Ал эми дини боюнча монголдордун көпчүлүгү тибет буддизмин колдонушса, калктын бир бөлүгү шаманчылыкты карманышат.


Спорт түрлөрү

Монголиялык мырзалар сөзсүз атка мингенди, жаа атканды жана күрөш өнөрүн билиши керек. Ошондуктан монголдордун улуттук оюндары аталган үч спортко негизделген. Алсак, эң популярдуу спорт түрлөрүнүн бири катары “бех” деп аталган жергиликтүү күрөш түрү эсептелет. Эреже боюнча балбандар күрөшкө көкүрөгүн ачык калтырган атайын костюмдар менен чыгуусу керек. Айрым маалыматтарга караганда, мурда аталган спорт боюнча аял киши жеңишке жеткен, ошондуктан күрөшкө жалаң эркектер гана катышуусу үчүн атайын костюмдарды ойлоп табышкан.


Монголиянын жолдору

Монголиялыктар боз үйүн айылдарга, шаарга же көп кабаттуу имараттын жанына деле орнотуп жашагандыктан, мурда жарандардын туруктуу дарегин табуу кыйын болгон. Мындай көрүнүштүн алдын алуу үчүн монгол өкмөтү тамга жана сандардан турган атайын “код” ойлоп табышкан. Анда объект канчалык кичине болсо, анын дареги ошончолук узун болот. Баса, аталган өлкөдө эстеликтердин дагы дареги бар.
Монголияда асфальттанган жолдорду кездештирүү кыйын, себеби аталган өлкөдө ири шаарларда гана жолдор курулган. Ал эми мамлекеттин калган аймактарында топурак жолдорду гана көрүүгө болот. Ошондой эле Монголияда жолдорго ишенип бир жакка барууга болбойт, адашып кетишиңиз ыктымал. Себеби көчмөндөрдүн таасиринен жаңы жолдор пайда боло бергендиктен жергиликтүү тургундардын жардамы менен гана багытты аныктоого мүмкүн.


Монголдор дүйнөдөгү эң меймандос калктын катарына кирет. Эгер сиз аталган мамлекетке барып калсаңыз, анда каалаган тургундун үйүнө кире берсеңиз болот. Сизге сөзсүз ысык чайын берип, колунан келишинче сыйлаганга аракет кылышат.


Монголдор жаныбарлардын ичинен жылкыга өзгөчө маани беришет. Жадакалса, өлкөдө бир нече эстеликтер камтылган жылкы көрүстөнү да бар. Анда атагы чыккан, өзгөчө болгон жылкыларды көмүүгө же эстелигин орнотууга уруксат берилет.

Чыңгыз хан тууралуу

Монголия менен Чыңгыз хан дайыма чогуу айтылып, бир маанини түшүндүрөт десек болот. Чыңгыз хан 13-кылымда көлөмү боюнча азыркыга чейин эч ким түзө элек империя түзүүгө жетишкен. Ал Рим империясы 400 жылда багындырган аймакты 25 жылда багындыра алган.


Монголияда Чыңгыз хандын сөөгү кайда коюлганын азыркыга чейин эч ким билбейт. Эл арасында айтылган уламышка караганда, Чыңгыз хандын кайсы жерде көмүлгөнүн эч ким билбесин деген максатта 800 жоокер аны узатуу зыйнатына катышкан адамдардын баарын өлтүргөн, андан соң өздөрүнүн жанын кыйган. Баса, эгер сиз Монголияга барып калсаңыз, анда бийиктиги 40 метрге жеткен Чыңгыз хандын эстелигин сөзсүз көрүшүңүз керек.


Булак: Супер-Инфо

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button