Дүйнө жаңылыктары
Мигранттардын кемеси кыйрап, 51 адам каза болду
![](https://osh.kg/wp-content/uploads/migranttardyn-kemesi-kyjrap-51-adam-kaza-boldu-780x470.jpg)
Мигранттардын кайыгы чөгүп, 51 адам каза болгонун укук коргоочу Елена Малено билдирди. Анын айтымында, кеме Мароккодон Канар аралдарына (Испанияга таандык) бараткан.
“Кырсыктан 51 адам, анын ичинде 11 аял жана 3 бала каза болду”, – деп жазды Малено Твиттерде. Анын айтымында, кеменин төрт жүргүнчүсү аман калып, алар ооруканага жаткырылган.
Мигранттар менен кеме Марокконун Тан-Тан шаарынан Канар аралдарына жол тарткан, деп жазат Хелена Малено. Анын айтымында, алар деңизде сегиз күн болушкан.
Испаниянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын январынан майына чейин Канар аралдарына 4,4 миңдей мыйзамсыз мигрант келген. Бул 2022-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 47% аз.
Булак: NazarNews