Дүйнө жаңылыктары

Японияда жаңы тиш өстүрүүчү дары ойлоп табылды

Япониялык окумуштуулар түшүп калган тиштердин ордуна жаңы тиш чыгаруучу дары ойлоп табышты. Бул тууралуу The Mainichi басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Осакадагы Китано медициналык институтунун окумуштууларынын тобу изилдөө жүргүзүп, анын жүрүшүндө адамда үчүнчү тиштердин өсүшү (сүт жана туруктуу тиштерден кийин) мүмкүн экенин аныкташкан Окумуштуулардын пикири боюнча, кайрадан тиш чыгуу үчүн организмге белогу тоскоол болуп келген.

Профессор Катсу Такахаши көп убакыт изденип, кесиптештери менен бирге бул белоктун функциясын бөгөттөй турган нейтралдаштыруучу антитело ойлоп тапкан.

“Жаңы тиш пөстүрүү ар бир тиш дарыгеринин кыялы. Мен аспирантурада окуп жүргөндө эле ушул иштин үстүнөн иштей баштагам. Мен бул кыялды ишке ашыра турганымды билем”,- деп билдирди Такахаши.

Белгилей кетсек, буга чейин чычкандарда аталган дарынын клиникалык сыноолору ийгиликтүү аяктаган, анда чычканда чын эле жаңы тиш өсүп чыккан.

Окумуштуулар 2024-жылы аталган дарыны адамдарда сынап көрүүнү пландап жатканы айтылды. Эгер адамдарда да сыноо ийгиликтүү аяктаса, анда аталган дары 2030-жылга чейин дүйнө жүзүнө таратылышы мүмкүн экени кабарланды.

Булак: Ширин Мараткызы, Супер-Инфо

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button