Категориясыз

Оштун Жапалак айылында жаңы ФАПтын курулушу башталды

Оштун Жапалак айылында жаңы ФАПтын курулушу башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалымдалгандай, шаар мэри Бакытбек Жетигенов жаңыдан салынып баштаган фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) курулуш иштерин көрүп чыкты.

Бул жердеги жаңы ФАПтын айланасындагы имараттардын мыйзамдуулугун текшерип чыгуу тапшырмасын тиешелүү кызматтарга милдеттендирди.

Ошондой эле курулуш иштерин сапаттуу жана көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн кечиктирбей бүткөрүү талабын койду.

Долбоорго ылайык, жаңы ФАПтын курулушун үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын орто ченинде бүткөрүү жана ага керектүү бардык жабдууларын орнотуу каралган.

Булак: Супер-Инфо, Автор: Максуда Кудайбердиева, Фото: Ош шаардык мэриясы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button