Категориясыз

Жалал-Абад шаарында IT борборунун курулушу башталды

Муниципалитеттен билдиришкендей, 3 кабаттан турган заманбап жаштардын инновациялык технологиялар борборунун курулушу калаанын Жусуп Бакиев көчөсүндө жүрүп жатат. 

Курулуш Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен, 64 млн 500 миң сомго курулууда. Курулуш ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүлөт. Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан IT борбор Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору болуп калмакчы.

Булак: УТРК

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Close
Back to top button