Ош облусу

Алайдын Гүлчө айылынын 1,9 млн сомго суу мунарасынын курулушу башталды

Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагына караштуу Гүлчө айылында суу мунарасы курулуп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Сүйөрбек Исаев билдирди.
Анын айтымында, суу мунарасы курулса, айылдын борбордук бөлүгү күнү-түнү таза суу менен камсыз болот. Суу мунарасы Гүлчө паркында, тактап айтканда райондук маданият бөлүмүнүн имаратынын артында жагашкан. Ал эми көлөмү 50 метр кубду түзөт.
Курулуш үчүн Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат каралды. Сметалык баасы 2 млн 200 миң сом болгон. Тендерден курулуш компаниялардын бири 1 млн 922 миң 403 сомго утуп алды.
Курулуш иштери кечээ, 4-июлда башталды. Суу мунарасын 2 ай ичинде куруп бүтүрүү пландалууда.

Булак: Turmush

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button