Кыргызстан

Садыр Жапаров Монголияга мамлекеттик сапары менен барат

Өлкө башчы Садыр Жапаров 9-11-июлда Монголияга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка ылайык, бул сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун Эрдэнэ, Монголиянын улуу мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Тараптар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашат.

Улан-Батор шаарына болгон сапардын алкагында Монголиядагы кыргыз элчилигинин расмий ачылыш аземи да болот.

Сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Монголиянын достук жана кызматташтык мамилелерин тереңдетүү жөнүндө биргелешкен декларациясына, ошондой эле экономика, санариптештирүү, айыл чарба, курчап турган чөйрөнү коргоо, токой экосистемаларын өнүктүрүү жана башка чөйрөлөрүндө кызматташуу жөнүндө бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат.

“Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана социалдык-гуманитардык байланыштарды бекемдөө максатында Бишкек жана Улан-Батор шаарларынын, Кыргызстандын Чүй облусунун жана Монголиянын Хэнтий аймагынын ортосунда боордош байланыштарды түзүү боюнча макулдашууларга кол коюшат”, – деп жазылат маалыматта.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button