КМШ

Түркмөнстанда жаңы Аркадаг шаары ачылды

Бүгүн, 29-июнда Түркмөнстанда президент Сердар Бердымухамедовдун катышуусунда «акылдуу» Аркадаг шаарынын салтанаттуу ачылыш аземи башталды. Бул шаар мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун демилгеси менен курулуп жатат.

Салтанаттуу иш-чаранын катышуучулары ахалтекин аргымагынын эстелигинин алдына чогулушту. Ал жерде фонтандар ишке киргизилди.

Андан соң президент жана салтанаттын катышуучулары башкы аянтка барып, гимндин коштоосунда Түркмөнстандын желегин көтөрүп, «Аркадаг» монументин ачышты.

Булак: NazarNews

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button