Дүйнө жаңылыктары

“3600 адам кармалган”. Франциядагы башаламандыктын токтогону кабарланды

Францияда 17 жаштагы өспүрүмдүн өлтүрүлүшүнөн кийин башталган козголоңдун токтотулганы кабарланды. Бул тууралуу Франциянын Тышкы иштер министрлиги кабарлаганын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, башаламандыктын кесепетинен 800 тартип сакчысы менен 17 бийлик өкүлү жабыркаган. Өлкөнүн ар кайсы шаарындагы 105 мэриянын имараттары өрттөлгөн.

Полиция кызматынын маалыматы боюнча 3600 адам кармалган. Алардын үчтөн бир бөлүгү өспүрүмдөр, 10 пайызы француз жарандыгын албагандар жана көпчүлүгү башаламандыкка катышуу үчүн атайын коңшу өлкөлөрдөн келген. Ошондой эле башаламандыкка катышкандардын 60 пайызы мурда эч кандай жоопко тартылбаганы аныкталган.

Ал эми Франциянын ички иштер министри “Жеральд Дарманендин” айтымында, 23 миң 878 обьект жана 12 миң 31 автоунаа күйүп кеткен. Болжол менен 2500 курулуш имараты, 168 билим берүү мекемеси жана укук коргоо органдарынын 273 имаратына зыян келтирилген.

Мындан сырткары, полиция кызматы Иль-де-Франс шаарын тинтүү учурунда 1,5 тонна пиротехника колго түшүргөн. Калган аймактарда тинтүү иштери жүрүп жаткандыктан, учурда ал региондордогу пиротехникалар тууралуу маалымат бериле элек.

Ал эми жабыр тарткандар жана каза болгондор боюнча бийлик өкүлдөрү расмий билдирүү тараткан жок. Бирок буга чейин бир адамдын каза болгону боюнча дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышкан болчу.

Булак: Супер-Инфо, Автор: Ширин Марат кызы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button