Ош шаары

Ошто өтө турган XVII таш симпозиумунда 17 эмгек ат салышат

© Спутник / Асель Сыдыкова

Таш симпозиумунун уюштуруучуларынын бири, скульптор Бакыт Иманбаев скульптура тарыхты кийинки муунга жеткирип, адамга тарбия бере турган искусствонун түрү экенин айтты.

“Тарыхтан калган элестер” аттуу таш айкелдеринин мыкты эскизин тандоо үчүн республикалык сынакка катышууну каалаган 50гө чукул скульптор билдирүү калтырды. Анын ичинен 17 эмгек тандалып, таш айкелдер жасалат. Бул тууралуу Бакыт Иманбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда мыкты таш айкелдерди жасай ала турган кесипкөй, таланттуу жаш скульпторлор жетиштүү.

“Кыргызстанда XVII таш симпозиуму өткөрүлгөнү турат. Менин билишимче, 1984-жылдан бери Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясы, Эл аралык скульпторлор коому уюштуруп келген. Ош шаарында өтө турган таш симпозиумуна жаш скульпторлорду тартуу тапшырмасы коюлду. Бул скульпторлордун бири-бири менен тажрыйба алмашуусу үчүн керек. Жаштардын тарыхка мамилеси, ошол учурдагы окуяларды көрө билиши, аны ташка чегип чагылдарышы каралат. “Тарыхтан калган элестер” аттуу таш айкелдердин мыкты эскизин тандоо үчүн республиканын жети дубаны боюнча сынак жарыяланды. Сынакта катышуучулардын ичинен 17 эмгек тандалып, Ош шаарында бир ай бою кичинекей макеттер көлөмү 1,5-2 метрлик ташка түшүрүлөт. Аталган иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Ош мэриясы уюштуруп, каржылап жатат. Андыктан жобо боюнча, таш айкелдер Ош шаарына жайгашат. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы да Ош шаарында белгиленгени турат. Таш айкелдердин бет ачары ошол күнгө туураланат”, — деди Иманбаев.

Ал таш айкелдер 10-августка чейин жасалып бүтөрүн кошумчалады.

Булак: Спутник

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button