Ош шаары

Ошто 300 киши бир учурда йога менен машыкты

© Sputnik / Акылбек Батырбеков

Иш-чара йоганын эл аралык күнүнө карата уюштурулган.

Ош шаарында йоганын эл аралык күнүндө 300 адам йога менен машыкты. Шаардык мэрия иш-чара “Алай” футболдук клубунун машыгуу талаасында өткөнүн билдирди.

Спорттук саамалыкка шаар мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, студенттер, активдүү жарандар жана башка жаштар катышкан.

Анын жүрүшүндө сөз сүйлөгөндөр Ошто йога менен машыккандар, деги эле сергек жашоо образын кармангандар жылдан-жылга көбөйүп жатканын белгилешти.

Йога менен машыгуудан тышкары, бул иш-чара шаардык мэриянын маданият башкармалыгынын бий топтору жана артисттери, Индиядан келип билим алып жаткан таланттуу студенттер тарабынан даярдалган маданий программа менен коштолгон.

Булак: Спутник

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button