Кыргызстан

Ысык-Көлдө ГИТИСтин жайкы мектеби ишин баштады

ГИТИСтин жайкы мектеби Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жатат.

Россиядагы театралдык искусство институтунун педагогдору Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттерин көл жээгинде 10 күн окутат. Бул туурасында Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Окутууну Ысык-Көлдөгү “Аврора” санаторийинде өткөрүүнү чечишкен.

Жаштар актердук чеберчилик, режиссура, сахнадагы кеп, сахнадагы кыймыл боюнча тажрыйбалуу педагогдордон сабак алмакчы.

Бул окууга ГИТИСтин музыка факультетинин деканы, Россиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Тимофей Сополев, сахнадагы пластика кафедрасынын жетекчиси, Россиянын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Айдар Закиров жана профессор Олег Кудряшовдун чеберканасындагы режиссерлук факультеттин студенттери катышууда.

ГИТИСтин жайкы мектеби Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жатат.

Булак: Спутник

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button