Кыргызстан
Нарын шаарына электробустар сатылып алынат
![](https://osh.kg/wp-content/uploads/naryn-shaaryna-elektrobustar-satylyp-alynat-780x470.jpg)
Нарын шаардык мэриясы электр станциялары менен электробустарды сатып алууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, пландалган сумма 73 млн 360 миң сомду түзөт. Тендердик табыштамаларды 14-июлга чейин тапшыруу зарыл. Белгиленгендей, мэрия 5 электробус жана 3 кубаттагыч сатып алууну пландап жатат.
Булак: УТРК