Ош шаары

Өзбекстандын туризм боюнча өкүлдөрү Ош шаарына келишти

Ош шаарына Өзбекстандын Анжиян, Наманган, Фергана облустарынын туризм башкармалыгынын жетекчилери, туристтик операторлор жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келишти. Шаардык мэриясынан билдиришкендей, коңшу өлкөнүн делегациясы маалыматтык тур иш-чарасына катышуу үчүн келген.

Конокторду президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү тосуп алып, туризм жаатында аткарылып жаткан жумуштар, өнүктүрүү багыттары боюнча сүйлөшүштү. Ошондой эле келечекте туризм эки өлкөнүн кызматташуусун өнүктүрүүдө өзгөчө орунду ээлей турганын белгиленип, туризм жаатында келген коноктор менен эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышуу болуп, мындан ары өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. 

Коноктор туризм жаатында маалымат алмашуу жана Ош жергесинин туристтик потенциалдары менен таанышуу максатында 2 күндүк иш сапар менен келишкен. Программага ылайык, коноктор Ош шаарынын жана Ош облусунун Алай өрөөнүнүн туристтик мекемелери, жаратылышы коозжайлары менен таанышышат.

Булак: УТРК

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button