Ош шаары
Оштогу “Сулайман-Тоо” музейи убактылуу жабылды
![](https://osh.kg/wp-content/uploads/oshtogu-sulajman-too-muzeji-ubaktyluu-zhabyldy-780x470.jpg)
Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” музейи убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда аталган музейдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, музей оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 5-июлдан 28-августка чейин жабылды.
“Ал эми “Үңкүр” музейинин жумуш убактысы 08:00-20:00гө чейин узартылат. “Сулайман-Тоодогу” туристтик жолдор саат 08:00-21:00гө чейин иштейт”, деп жазылат маалыматта.
Булак: Супер-Инфо