Ош шаары

ОшТУга Кытайдан делегация келип, бир катар келишимдерге кол коюлду

Бүгүн, 4-июль күнү Ош технологиялык университетине Кытай Эл Республикасынан Пекин университетинин профессору Ву Цзевэй жетекчилигиндеги жогорку даражадагы инсандардан турган жоон топ делегация келди.
Делегациянын максаты — билим берүү жана илим тармагында кызматташуу, темир жол үчүн кадрларды даярдоо, «Кыргыз жер семирткичтер заводу» үчүн адистерди даярдоо боюнча биргелешкен иштерди алып баруу.
Жолугушууда тараптар кызматташуунун бардык тармагы боюнча пикир алышып, макулдашышты. Коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы менен да таанышып чыгышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев менен Шицзячжуан мектебинин директору Чжунхе Юрэнь «Мастерская Лу бань» кыргыз долбоорунун алкагында Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу долбоору үчүн темир жолдогу вагондорду тейлөө боюнча адистерди даярдоо, компьютердик тиркемелер боюнча адистерди даярдоо, барабандын иштеши жана грануляциялык жабдуулардагы барабандын иштеши боюнча адистерди даярдоо боюнча келишимге кол койду.
Иш-чарага ОшТУнун жетекчилиги, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары З.Т.Тургунбаев жана башкы адиси А.А.Адышева, Ош шаарынын мэриясынын тышкы саясат жана аналитика башкармалыгынын башчысы М.К.Исраилов жана тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы М.Н.Орозалиев, белгилүү коомдук ишмер А.Г.Бекматов катышты.

Булак: Turmush

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button