Кыргызстан

Баткенде өрүк как канча сомдон сатыла баштады?

Баткен районунда жана Баткен шаарында өрүк сезону башталып, учурда терип жыйноо иштери кызуу жүрүп жаткан мезгилм. Мында жергиликтүүлөр өрүктөрүн кара как жана баргек түрүндө кургатышат.

Азыр Баткенде ар бир үйдүн короосунан «сары алтындын» жыйылып жатканын көрүүгө болот. Кургатылган өрүктүн баргек түрү кара какка салыштырмалуу бир топ кымбат сатылат. Андыктан көпчүлүгү атайын ыкма менен өрүктөрдү данегинен ажыратып, баргек (баргек – данегинен ажыратылган өрүк) жасашат.

Быйыл Баткенде өрүк түшүмү мол болгону менен өткөн жылга салыштырмалуу баасы бир топ арзан болуп жатат. Ушул тапта баргектин жогорку сорту 250 сомдон бааланууда. Өткөн 2022-жылы баргек өрүгүнүн баасы 600 сомдон башталып, 1000 сомдон өйдө сатылган.

Баткендиктердин көпчүлүгү өрүктөрүн дүң баада өзбекстандык соодагерлерге өткөрүшөт. Алар Өзбекстандын товары катары таңгактап, башка чет өлкөлөргө экспорттошот. Кыргыз-тажик чек арасы жабылганга чейин Баткенге Тажикстандын аймагынан да кардарлар көп келчү.

Буга чейин Turmush басылмасы акыркы 5 жылдан бери өрүк мындай гүлдөбөгүнүн жазган.
Дыйкандардын айтымында, айрым жылдары өрүктү үшүк алса, кээде ысыктан өрүктүн гүлү түшүп калчу.

«Быйыл Баткенде өрүк башкача бир бажырайып гүлдөдү. Буюрса, Жараткан быйыл Баткен жергесине жакшылыгын, молчулугун, бактылуулугун берет. Буга чейин өрүк гүлүнүн мынчалык аңкыган жыпар жытын, ушунчалык суктанарлык гүлдөшүн байкабаптырмын. Акыркы 5 жыл аралыгында табияттын өзгөрүүсү менен өрүктөр жакшы гүлдөбөй, ысык-суукка алдырып, түшүм да жакшы болбой келген. Кыш мезгили да жылуу келип, өрүк дарактары кышкы уйкуга толук кирбей, жазында жакшы гүлдөй албай калган. Мына быйыл кыш кыштыгын кылды, өрүк дарактары сонун эс алды, жыйынтыгында укмуштуудай гүлүн ачты. Эми мөмө ысык-сууктан сактанып байлап алса, өрүк түшүмү да жакшы болот эле», – дейт «Алыш Дан» кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшев.

Быйылкы жылы 97 миң тонна өрүк түшүмүн алуу пландалууда.
«Акыркы 4-5 жылдан бери өрүк мурдагыдай түшүмдүү болбой жатат. Суукка же ысыкка алдырып коёт. Быйыл болжолдуу 97 миң тонна түшүм алуу пландалып жатат. Кадамжай жана Баткен районунда өрүктү кайра иштетүүчү ишканалар бар. Ошол ишканалар өрүктү Орусия, Казакстан жана Американын Чикаго шаарына чейин экспорттошууда», – дейт президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн экономика жана региондорду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Алишер Сайдакматов.

Былтыр 2022-жылдын июнь айында Баткен облусу 2500 тонна ак өрүк экспорттоп, өрүктүн алды 230 сомго чейин сатылган. Жалпы облус боюнча 8000 гектарга жакын өрүк бактары бар. Андан былтыркы жылы 2500 тонна ак өрүк сорту экспортко чыккан. Тактап айтканда, Баткен районунун Дара, Кара-Бак, Төрт-Гүл, Кара-Булак айыл аймактарындагы түшүм жайында жергиликтүү ишкерлер тарабынан экспортко чыгарылган. Баткен шаарында 1 кг ак өрүктүн баасы 80 сомдон 230 сомго чейин бааланды. Ал эми Кадамжайда 80-100 сомдон сатылды. Орто эсеп менен жергиликтүү тургундар өрүк сатуудан 200 млн сомдон 575 млн сомго чейин киреше табышы мүмкүн.

Булак: Turmush

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button