Ош шаары

Оштон Джиддага үзгүлтүксүз аба каттамын ачуу пландалууда

Сауд Аравиясынын Flynas авиакомпаниясы 2023-жылдын август айында Джидда – Ош – Джидда багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачууну максат кылууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ош” эл аралык аэропортунан Абдулазиз падыша эл аралык аэропортуна туруктуу каттам биринчи жолу ишке ашырылат.

Жаңы багыт боюнча биринчи авиакаттамдын болжолдуу убактысы 2023-жылдын 21-августу.

Белгилей кетсек, Джиддага каттамдарды Airbus A320neo учактары менен жумасына 3 жолу аткарылышы күтүлүүдө.

Булак: NazarNews

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button