Ош шаары

Ошто «ак килем» үстүндө кимдерди тосуп алышты?

Кечээ, 9-июль күнү ажылыкка баргандардын биринчи агымы кайтып келди. Алардын эң акыркысы 15-июлда келишерин Кыргызстан дин башкармалыгынын ажылык жана умра эл аралык бөлүмүнүн адиси Абдилализ Ташбаев билдирди.

Маалыматка караганда, бир күндө 4 каттам учуп келет.

«Ажылыктан келгендерди күтүп алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүктөн, быйыл жылдагыга салыштырмалуу тосуп алгандар аз. Атайын тосуп алуулар чоң мечиттерде өтө турган болгон. Бишкекте аэропорттон атайын автобустар алып чыгып кетти. Ош шаарында деле ошондой эреже болгон, бирок эл деген эл экен, күтүп алуучулар барышыптыр. Ошондой болсо да быйыл аз. Себеби мурдагы жылдары аэропорттун аймагына унаалар кирип кетет эле», – дейт А.Ташбаев.

Анда Ош эл аралык аэропортуна ак түстөгү тасмал жазып, ажылыктан келгендерди тосуп алышты.

Булак: Турмуш

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button