Ош шаары

Ош шаарын көрктөндүрүү багытында беш чоң долбоор башталды. Эскиз

© Фото / пресс-служба мэрии города Ош

Каражат Дүйнөлүк банк тарабынан берилген алты миллион доллар гранттын алкагында бөлүнөт.

Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында беш чоң долбоор башталды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Курулуш иштери Нурматов көчөсүнөн баштап Алишер Навои көчөсүнө чейинки аралыкта жүрөт. Аталган долбоорлор бир жылдын ичинде ишке ашырылары белгиленди.

Жасала турган иштер:

Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө (2-этап);

Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын айланасын оңдоп-түзөө;

Алишер Навои паркынын бир бөлүгүнө атайын эс алуу жайын куруу;

Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;

Борбордук аянттагы фонтан.

Аталган курулуштар Кыргызстандын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) аркылуу тендерге берилген. Ал эми каражат Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Дүйнөлүк банк тарабынан берилген алты миллион доллар гранттын алкагында бөлүнөт.

Булак: Спутник

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button