КМШ

Кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстандагы эл аралык мелдеште 5 медаль утушту

Кыргызстандык жөө күлүктөр 1-2-июлда Казакстандын Алматы шаарында өткөн эл аралык мелдеште 5 медаль утушту.

Тактап айтканда, мырзалар арасында 1500 метрге чуркоодо байгелүү орундарды жалаң кыргызстандык спортчулар ээлешти. Башкача айтканда, 1-орунду Нурсултан Кеңешбеков, 2-орунду Мусулман Жоламанов, 3-орунду Самат Казакбаев утту.

Андан тышкары кыз-келиндер арасында узундукка секирүүдө кыргызстандык Сабина Батажиева күмүш медаль тагынды. Ал 5 метр 85 сантиметрге секирген.

Ал эми 4х400 аралаш эстафетада Кыргызстандын командасы коло медаль утту. Ага Шахзотбек Садыкжан уулу, Алымкан Жамшитбекова, Ренат Сон жана Нурсултан Кеңешбеков катышкан.

Булак: Баракелде

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button