КМШ

Алматыда кан куйдурган бейтаптарга ВИЧ-инфекциясы жуккан

Алматы шаарынын Борбордук клиникалык ооруканасында беш бейтапка ВИЧ-инфекциясы жукту. Бул тууралуу BES.media telegram-каналы кабарлады.

Шаардын коомдук саламаттык башкармалыгы үч кишиге ВИЧ жукканын ырастады.

Маалыматка караганда, бейтаптар кан куйдургандан кийин саламаттык сактоо министринин буйругу менен бир айдан кийин ВИЧ-инфекциясына анализ тапшырууга милдеттүү. Аларга ВИЧ жукканы ошол анализде аныкталган.

“Бул окуядан кийин атайын комиссия түзүлүп, ВИЧ-инфекциясы кайдан жукканын аныктоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Донорлор, медицина кызматкерлери жана алар менен байланышта болгон адамдар текшерилди. Жыйынтыгында алардын эч кимисинен ВИЧ аныкталган жок”, – деп жазылган Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын билдирүүсүндө.

13-июнда Алматынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Казак тери жана жугуштуу оорулар илимий борбору менен биргеликте ВИЧ аныкталган оорукананы текшере баштады.

BES.media телеграм-каналы белгилегендей, Алматыдагы Борбордук клиникалык оорукананын жетекчиси Ерболат Досаев Казакстандын саламаттык сактоо министри болуп турганда да 50дөн ашык балага кан куюу учурунда ВИЧ-инфекциясы жуккан.

Булак: NazarNews.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button