КМШ

Ооганстанда сулуулук салондордун иштешине тыюу салынды

Талибан кыймылы көзөмөлдөгөн Ооган өкмөтү бир айдын ичинде өлкөдөгү бардык чач тарачтар менен сулуулук салондорун жабуу боюнча буйрук чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Белгилүү болгондой, мындай буйрукту Талибан өкмөтүнө караштуу Адепти жайылтуу жана жамандыктын алдын алуу министрлиги чыгарды. Маалыматта буйрук бир айдын ичинде аткарылышы керектиги жана анын күчү Кабулга да, өлкөнүн башка калктуу конуштарына да тиешелүү экени айтылат.

Министрликтен билдиришкендей, сулуулук салондорунун жабылышынын себептери кийинчерээк жарыяланат. Ага баш ийбей, аткарбагандарды бийлик жоопко тартууну убада кылууда.

Аялдардын чач-тарачтары жана сулуулук салондору Ооганстанда 2001-жылы талибдер кеткенден кийин дароо эле пайда болгон.

20 жылдан кийин 2021-жылдын августунда кайрадан бийликке келип, адегенде эски практикага кайрылып, аялдарды көбүрөөк укуктан ажыратуу ниети жок экенин айтышкан.

Ал эми 2022-жылы талибдер кыздардын орто мектептеринин көбүн жапкан. Аялдардын университетте билим алуусуна тыюу салып, алардын көптөгөн коомдук жайларга, анын ичинде мончолорго, спорт залдарга жана парктарга баруусуна тыюу салынган.

Булак: Супер-инфо, Автор: Максуда Кудайбердиева

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button