КМШ

Талибдер Шанхай кызматташтык уюмунун кийинки саммитине катышкысы келерин билдирди

Талибдер Шанхай кызматташтык уюмунун Казакстанда өтө турган кезектеги саммитине катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

Билдирүүдө талибдер аймактагы ынтымак жана коопсуздукка жетишүү жана кызматташтыкты кеңейтүү үчүн мындай жолугушууларды кубаттай турганын баса белгилеген. Ошондой эле оогандарга гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу жана качкындардын кайтып келишине көмөктөшүү зарылдыгын айткан.

Мындан сырткары талибдер алардын өкмөтү инклюзивдүү эмес деген пикирлерге каршы экенин билдиришкен. “Ислам Эмиратында ар кандай тилде, расада жана ориентацияда жашаган адамдар бар”, – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 23-саммити 4-июлда виртуалдык форматта өттү. Аталган иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан уюмдун мүчөлөрү катары катышса, Иран расмий түрдө мүчө болуп кошулду. Беларусь менен Монголия байкоочу мамлекет катары, ал эми Түркмөнстан төраганын коногу катары чакырылды. Бирок Ооганстан уюмда байкоочу макамына ээ болгонуна карабастан талибдер саммитке чакырылган эмес.

Маалымат үчүн: “Талибан” кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Булак: Супер-Инфо, Автор: Ширин Марат кызы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button