КМШ

Иран ШКУга мүчө болуп кирди

Иран Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болуп кирди. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда саммитте кабыл алынган декларацияда айтылат.

Бүгүн Индиянын төрагалыгы алдында ШКУ өлкө башчыларынын кезектеги саммити онлайн-форматта өтүп, ага өлкө башчы Садыр Жапаров катышты. Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчысы дагы сөз сүйлөп, сунуштарын берди.

Белгилей кетсек, ШКУ 2001-жылы негизделген. Ага Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия мүчө. Ушул саммиттин жыйынтыгы менен Иран толук кандуу мүчө болуп кирди.

Ооганстан, Беларусь, Монголия байкоочу макамга ээ. Өнөктөш мамлекеттер – Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия, Шри-Ланка, Египет, Сауд Арабиясы, Катар.

Булак: Супер-Инфо

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button