Ош облусу

ИИМ: Өзгөндө салыкчы 200 миң сом алып жаткан жеринен колго түштү

© Фото / пресс-служба МВД КР

Шектүүнүн курткасынын чөнтөгүн текшерүү учурунда 5000, 2000 жана 1000 сомдук купюралар табылган.

Оштун Өзгөн районунда салыкчы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, Салык кызматынын Өзгөн району боюнча бөлүмүнүн жетекчиси У.К. 20-декабрда колго түшкөн. Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Пара талап кылуу”) менен айыпталууда.

“Ал облус жашоочусунан 700 миң сомдон ашык салыктык карызын жашыруу үчүн 200 миң сом талап кылган. Кечээ күнү ошол каражатты алып жаткан жеринен кармалды”, — деп айтылат маалыматта.

Курткасынын чөнтөгүн текшерүү учурунда 5000, 2000 жана 1000 сомдук купюралар табылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: Sputnik

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button