Ош шаары

Ош шаарында ӨКМ кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 4-июлда Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар күнүнүн 32 жылдыгына жана өрт өчүрүүчүлөр күнүнүн 97 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абылаев жана аталган министрликтин кызматкерлери катышты.

“Замир Юсупов өз өмүрүн тобокелге салып, адамдардын өмүрүн сактап калууга, табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин жоюуга өз өмүрүн арнаган куткаруучулардын өзгөчө эмгегин белгилеп, сыймыктуу кесип ээлерин майрамы менен куттуктады”, – деп жазылат маалыматта.

Иш-чаранын алкагында күжүрмөн эмгеги менен айырмаланган 43 кызматкер, анын катарында Түркиядагы катуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга катышкан 8 куткаруучу Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланды.

Булак: Супер-Инфо, Автору: Айпери Бакталбек кызы, Фото: Ош шаардык мэриясы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button