Кыргызстан

Чыңгыз Айтматовдун мааракесине даярдык көрүү үчүн комитет түзүлдү

Залкар жазуучу “Чыңгыз Айтматовдун” 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү жана 100 жылдыгына даярдык көрүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан ары уюштуруу комитети мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, бекитиши керек.

Комитеттин ишин уюштуруучулук, усулдук жана башка жактан камсыздоо Маданият министрлигине жүктөлгөн.

Комитеттин курамы:
Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү;
Билим берүү жана илим министри;
Тышкы иштер министри;
Финансы министри;
Санариптик өнүктүрүү министри;
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары;
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору;
Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;
Бишкек шаарынын мэри;
Ош шаарынын мэри;
Президенттин 7 облустагы өкүлдөрү;
Президенттик администрациянын саясатты иштеп чыгуу, реформаларды мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн башчысы;
Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;
“ЭлТР”мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
Кыргызстан элинин ассамблея кеңешинин төрагасы.

Булак: Супер-Инфо Автор: Айпери Бакталбек кызы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button