Дүйнө жаңылыктары

Түркия эл аралык жана аймактык күч катары тең салмактуулук саясатын колдойт

Түркия Орусиядан баш тарткан жок. Анкара Москва менен расмий “айкын сүйлөшүүлөрдү” колдойт. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Орусиянын “РИА НОВОСТИ” басылмасы жазды.

Маалым болгондой, Орусиянын президентинин басма сөз катчысы “Дмитрий Песков” буга чейин Орусия менен Түркиянын кызматташтыгы тууралуу айткан учурда пикир келишпестиктер бар экенин, бирок эки өлкөнүн кызыкчылыгына туура келген мамиленин бир бөлүгү да бар экенин эске салды.

Түркия Орусиядан жүзүн буруп, толугу менен Батышка бурулду деген пикир туура эмес. Түркия эл аралык жана аймактык күч катары тең салмактуулук саясатын улантат, – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 11-июлда “Режеп Тайып Эрдоган” Швециянын НАТОго кошулуусуна макулдугун берип, алгач Евробиримдик “Түркияга эшиктерди ачышы керек”, андан кийин гана өлкө Швециянын альянска кирүү өтүнүчүн жактыра турганын айткан.

Булак: Супер-Инфо

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button