КМШ

Эл аралык мелдештен байгелүү кайткан куткаруучулар Бишкекке келишти

Бүгүн, 4-июлда Азербайжанда өткөн “Жаш куткаруучулар” аталышындагы эл аралык мелдеште жеңишке жетишкен кыргызстандык куткаруучулар Бишкекке кайтып келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаш куткаруучуларды “Манас” аба майданында ӨКМнын кызматкерлери жана балдардын ата-энелери өзгөчө шаң менен тосуп алышты.

Белгилей кетсек, Азербайжандын Габала шаарында өткөн эл аралык мелдешке ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жана Куткаруу кызматынын адистери даярдаган курама команда катышып, 2-орунду ишенимдүү түрдө багындырган.

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Азербайжан жана Пакистандан 13-17 жашка чейинки жаш куткаруучулар катышкан турнир келечек муунду куткаруучулук кесипке үндөө жана мамлекеттер арасында ушул багыттагы кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулган.

3 бөлүктөн турган мелдеште катышуучулар тилкедеги тоскоолдуктарды басып өтүү, өрт эстафетасы жана издөө-куткаруу боюнча күч сынашкан. Ошондой эле ар бир команда өз өлкөсүнүн бай тарыхы, маданияты жана туристтик жайлары туурасында баяндоо жасаган.

Булак: Супер-Инфо

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button