Ош шаары

Ошто мөмө-жемиш базарындагы соодагерлер нааразычылыкка чыкты

Шаардын так ортосундагы жалгыз менчик базардын соодагерлерине эскертүү берилип, автоунаа каттамына тыюу салынган болчу.

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Тешик-Таш” базарынын соодагерлери кечээ нааразычылык билдирип чогулду. Алар Ленин көчөсүнөн Мамажан көчөсүнө чейинки жолдун жабылганына макул эместигин айтышып, Ош шаардык мэриясынан жолду бир тараптуу ачууну талап кылышты.

Ош шаарынын эң негизги проспектиси болгон Ленин көчөсүнүн бир чакырымын реконструкциялоого байланыштуу буга чейин соодагерлерге эскертүү берилип, автоунаа каттамына тыюу салынганын мэрия кабарлаган.

Соодагерлер менен Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жолугушту.

“Бул жол оңдоп-түзөө үчүн жабылды. Силерди эч ким кубалаган жок, үстү тосулган жерде — “Тешик-Таш” базарында соода кыла бериңиздер. Биз тротуарларды жаңылап, мыйзамсыз соода кылууну токтотобуз. Курулуш бүткүчө автоунаа кирбейт. Адам киргенге уруксат, товарыңарды жөө ташууңуздар керек”, — деди Жунусбаев.

Вице-мэр борбордук базарды көчүрүү боюнча мэриянын планы бар экенин, бул үчүн “Жапалак” муниципалдык автоунаа базарынын жанынан 37 гектар жердин документтери даярдалып жатканын билдирди.

“Шаардагы жол тыгынынан улам “Тешик-Таш” базарын көчүрүүнү талап кылгандар көп. Ленин, Курманжан датка деген чоң көчөлөрүбүз бар. Ленин көчөсүн жаңы бекетке чейин бир тараптуу, Курманжан датка көчөсүн бир тараптуу кылалы деп жатабыз. Жолду ача албайбыз. Жолду ачсак, жумуш кечигет. Сентябрь айында студенттер келгенге чейин ал жолду оңдоп-түзөөдөн өткөрүшүбүз керек. Борбордук базар боюнча Жапалак айыл өкмөтүнөн 37 гектар жер каралган. Азыр жердин категориясын өзгөртүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул иш өкмөттүк деңгээлде чечиле турган маселе. Биринчи вице-мэр ушул иш менен жүрөт. Жакынкы күндөрү бүтсө, ал жакта бүт шарты менен базар болот”, — деди Жунусбаев.

Булак: Спутник

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button