Кыргызстан

Кара-Кеченин капчыгайында Жумгалдын сулуусу аныкталды

Жумгал районунун Кара-Кече өрөөнүндөгү Кыз-Коргон жайлоосунда «Мурас» этно-фестивалы өткөрүлдү. Анын алкагыда «Таттыбүбү — Соң-Көл периси» сулуулар сынагы уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сулуулар сынагына 18 жаштан 28 жашка чейинки 7 талапкер катышып, 5 тапшырмада күч сынашты. Анда саламдашуу, актриса Таттыбүбү Турсунбаева сахнада же тасмада жараткан каарманды кайра жаратуу, өз талантын жана жөндөмүн көрсөтүү, улуттук кийимдерди кийип чыгуу тапшырмалары аткарылды.

Жыйынтыгында баш байгени Чоң-дөбө айылынан келген 20 жаштагы Салтанат Мажиева алса, 1-орунду 28 жаштагы Жаңы-Арык айылынан Анархан Талантбек кызы, ал эми 2-орунду Миң-Куш айылынан келген 20 жаштагы Камила Саралаева, 3-орунду Чаек айылынан 23 жаштагы Кылымай Ибралиевалар жеңип алышты.

Калыстар тобу тарабынан сулууларга акчалай сыйлыктар, наамдар жана белектер тапшырылды.

Булак: Turmush

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button