Кыргызстан

Баткенде кондиционер жана желдеткичи бар аялдама элди аң-таң кылууда

Баткен районунун Ак-Татыр айылында заманбап аялдама курулуп, пайдаланууга берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Аталган айылдагы демөөрчүлөр тарабынан бөлүнгөн “200 миң сомго” Ош—Баткен—Раззаков жолунун боюна заманбап аялдама курулду. Анда кондиционер, желдеткич, уюлдук телефон кубаттагыч да каралган.

Буга чейин Баткен шаарына 20 аялдама орнотулуп, ижарага берилерин Баткен шаардык муниципалдык менчик департаментинин башчысы Акрам Акматов билдирген.

Анын айтымында, калаада коомдук транспорт үчүн жаңы 20 аялдама орнотулат.
Аялдамаларды орнотуу үчүн жайлар Баткен регионалдык архитектуранын чечими менен каралат. Ал эми дизайны муниципалдык менчик департаментинин сунушунун негизинде ишке ашырылат. Ошондой эле аялдамада транспорт күтүп отурганча, чөнтөк телефонун кубаттап алса боло турган мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан сырткары тургундардын коопсуздугу үчүн видео көзөмөл орнотулат. Таштанды челектер менен отургучтар ижарага алгандардын эсебинен жасалат.

Ушундай эле тышкы көрүнүшү окшош аялдама Ош облусунун Араван районуна караштуу Алля Анаров айыл аймагында “135 миң сомго” курулган.

Ушул жылдын жаз мезгилинде «Тамчы» эл аралык аэропортунун маңдайындагы эки аялдама пунктунун курулушунун мыйзамдуулугу текшерилген соң, эл арасында талкуу жаралган. Аталган 2 аялдаманы курууга «Д.Л.» ЖЧКсынын эсебине алдын ала “844 миң 100 сом” акча каражатын которушкандыгы аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Кийинчерээк Садыр Жапаров Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропортунун жанында жаңы аялдама курулганын билдирип, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мамлекеттик кызматкерлерге эскертүү кылган.
Президенттин кайрылуусу:
«Мындан эки ай мурда Тамчы аэропортуна конуп, Чолпон-Ата шаарын көздөй бет алдык. Аэропорттон чыгып бурула берген жерде даараткана сыяктуу аялдама көзгө урунду. Дароо эле башкы прокурорго телефон чалып: “Ким салды, кайсы акчага салды, канчага салды текшерип, мага билдириңиз”,- дедим. Текшерип бүтүп, 840 миң сом коротулганын, “Кумтөрдөн” облуска бөлүнгөн акча экенин, айыл өкмөт курганын айтты. Албетте, акча жегендер камалды. Уурдагандарын эки эселеп кайтарып жатышат. Эми караңыздар, төмөндөгү аялдаманы “351 миң сомго” куруп койдук. Болгону 351 миң сом акча кетет экен. Айырмасын караңыздар, тегерегинин баары айнек менен тосулган. Түнкүсүн күйүп-жанып турат. Көрүнүшү да жакшы. 15-20 жыл былк этпей турат»

Булак: Турмуш

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button