Исландиядагы Фаградальсфьядль жанар тоосу атыла баштады
Исландиядагы Фаградальсфьядль жанар тоосу атыла баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 10-июлда жанар тоонун лавасы атыла баштаган. Ал Исландиянын борбору Рейкьявик шаарынан 30 чакырым алыстыкта орун алган. Исландиянын метеорологиялык кызматы атылуунун аз көлөмдө экенин жана атмосферага эч кандай терс таасири жок экенин билдирген.
Учурда бийлик жергиликтүү тургундарды жанар тоого жакын барбоого чакырып жатканы айтылды. Себеби ал жерде жанар тоо газдары чогулушу мүмкүн. Жанар тоонун үч жаракасы бар. Алардын эң узуну 200-300 метрди түзөт.
Белгилей кетсек, Исландияда бир нече тоо-вулкандык системалар бар болгондуктан, анда активдүү жанар тоолор көп кездешет. Фаградальсфьядль жанар тоосу да үчүнчү ирет атылып жатат. Буга чейин мындай көрүнүш былтыр августта жана 2021-жылдын сентябрь айында катталган.