7 облустун айымдарынын башын бириктирген Аялдардын улуттук тилектештик курултайы

Ата-бабаларыбыздын тарыхында курултайлар бир маанилүү маселени чечүү, кеңешүү, пикир алмашуу максатында өткөрүлүп келген. Курултайлар көп учурда өз максатына жетип, кабыл алынган чечимдерди иш жүзүнө ашырышчу.
Курултайдын салтын улай Аялдардын Тилектештик курултайы 7 облуста тең өткөрүлдү. Аялдардын тилектештик курултайын өткөрүү демилгеси алгачкы жолу 2021-жылы көтөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын алдында түзүлгөн аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин колдоосу менен атайын топ түзүлүп, 7 облуста тең ишке ашты. 2021-жылы Нарын, Чүй, Ош облустарында өтүп, бул жылы Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас облустарында жогорку деңгээлде өттү.
Аялдардын тилектештик курултайы лидер аялдардын башын бириктирүү, аларга байланыштуу коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүү, аялдардын кызматташтыгын, тилектештигин бекемдөө жана аялдардын саясий активдүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.
Ар бир облуста лидер, активист, коомдун ар бир тармагында ийгилик жараткан аялдар чогулуп, айымдарга байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүштү. Баткен облусунда аялдардын саясаттагы орду, коопсуздук жана аядардын экономикалык күчтөнүүсү талкууланса, Жалал-Абадда аялдардын саламаттыгына байланыштуу көйгөйлөргө басым жасалды. Ысык-Көл облусунда зордук-зомбулук, аялдардын ишкердиги жана аялдардын саясий процесстерге катышуусу талкууланды.
Курултайдын өкүлдөрү айрым жергиликтүү бийликтерде бир да айым иштебегенине, Жогорку Кеңештеги аялдардын саны аздыгына токтолушуп, муну олуттуу кемчилик катары баса белгилешти. Бул көйгөйлөр менен күрөшүү үчүн резолюциялар сунушталды. Андан сырткары, ар бир облуста резолюциялар кабыл алынды. Резолюциялардын ишке ашырылуусун көзөмөлдөө үчүн ар бир облустун лидер аялдарынан турган атайын комитет түзүлдү.
Аялдардын тилектештик курултайы өлкөнүн лидер аялдарынын, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутат аялдарынын, региондордогу активист аялдардын бири-бири менен пикир алмашуусу үчүн ачык аянтча. Мындай аянтча аялдарга бүтүндөй өлкөдөгү жана региондордогу маанилүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн тилектештигин жана өз пикирин билдирүүгө, күчтөрүн бириктирүүгө шарт түзөт.
7 облуста өткөн курултайларды утурлай, Аялдардын улуттук тилектештик курултайы Бишкек шаарында өтөт. Ага 7 облустан лидер, прогрессивдүү, активист, ишкер, ар тармактан ийгилик жараткан аялдар катышат. Улуттук тилектештик курултайынын негизги максаты – жер-жерлерде өткөн курултайлар тууралуу маалымат берип, көтөрүлгөн маселелердин чечимин талкуулоо болуп саналат. Аялдардын улуттук тилектештик курултайынын жүрүшүндө ар бир региондогу лидер аялдар тарабынан кабыл алынган резолюцияларды ишке ашыруу планын иштеп чыгуу, Жогорку Кеңештин депутаттары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте аларды ишке ашыруу пландалууда. Курултай эки жылда бир өткөрүлүп, мындан ары аймактардын жана коомдук мейкиндиктин ар кыл чөйрөлөрүнүн ортосунда жемиштүү кызматташтыкты түзүү үчүн, пикир алмашуу, аялдардын өз укуктарын билүүсүн жогорулатуу жана ага байланыштуу көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун издөөнү улантат. Андан сырткары, мындай демилге буга чейин кабыл алынган резолюциялардын ийгиликтүү аткарылышына, саясий катышууда аялдардын санынын көбөйүшүнө салым кошот.
Булак: Супер-Инфо, Автору: Айжанар Рыспек кызы