Ош облусу

Оштогу жайлоодон чет өлкөлүк жарандын жансыз денеси табылды

Ош облусунун аймагындагы жайлоолордун биринен чет өлкөлүк жарандын сөөгү табылды.

Аталган маалыматты ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгы тастыктады. Окуя боюнча кечээ, 11-июль күнү Ош ОИИБдин Ноокат райондук башкармалыгы тарабынан кабар берилген.

«Бел-Алма жайлоосунда Кара-Сел мөңгүсүнө жакын жерде Чехиянын 1973-жылы туулган Н.А. аттуу жаранынын жансыз денеси табылгандыгы боюнча Ноокат РИИБден кабар келип түшкөн. Биздин төрт куткаруучу чыгып, Бел-Алмага чейин барып, андан ары жөө 3 сааттык жол жүрүп алып келишти. Бел-Алма жайлоосунан өздөрүнүн унаасына чейин жеткирип, тергөөчүлөргө өткөрүп беришкен», – деп айтылат маалыматта.

Булак: Турмуш

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button