КМШ

Иркутск шаарында 500гө жакын кыргыз жана тажик жарандары мушташып кеткен

Кыргызстандын 5 жараны жаракат алган

Россиянын укук коргоо органдары Иркутск облусундагы Кыргызстан менен Тажикстандын 500гө жакын жаранынын ортосундагы массалык мушташты иликтеп жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жаңжал 2023-жылы 23-июнда Жигаловск районундагы газ кенинде чыккан.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутсктагы өкүлчулүү жабыркагандар менен ыкчам байланышканда Кыргызстандын 5 жараны жаракат алып, алардын бири ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.

Элчиликтин Иркутсктагы бөлүмүнүн консулу КР жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү жана жергиликтүү укук-коргоо органдары менен жолугушуу үчүн окуя болгон жерге жөнөп кетти.

Белгиленгендей, аталган маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутск шаарындагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө турат.

Булак: Vesti

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button