Кыргызстан

Баткенде 11 миллион долларды түзгөн агрардык долбоордун иши башталды

Баткенде 11 миллион долларды түзгөн агрардык долбоордун иши башталды. Бул тууралуу Супер-Инфо порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Белгиленгендей, Дүйнөлүк Банк тарабынан Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө 50 миллион доллар бөлүнгөн. Анын 11 миллион доллары айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшалат.

Долбоорду АРИС ишке ашырат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткенде “Баткен облусунда жемиштүү өнөктөштүктү куруу үчүн экономикалык абал жана агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү” аталышындагы жыйын уюштурулду. Ага президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, АРИС, Агровей уюмдарынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынан келген ишкерлер, жергиликтүү ишкерлер менен дыйкан фермерлер катышты.

Анда АРИС уюмунун эксперттери айыл чарба тармагынын өнүгүү багыттары, долбоордун максаты, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Ал эми AgroWay компаниясы аймактын айыл чарбасынын жана агробизнесинин потенциалына жүргүзүлгөн комплекстүү изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

Жыйындын негизги максаты долбоордун 2-компонентинин алкагында изилдөө натыйжаларын презентациялоо жана талкуулоо, кызыкдар тараптар менен кызматташуунун картасын түзүү, Баткен облусунда артыкчылыктуу өндүрүштүк өнөктөштүктү өркүндөтүү болгон.

Жыйынтыгында катышуучулар резолюция кабыл алышып, ар бир айыл өкмөтү жеңилдетилген кредиттерди алуу үчүн иш пландарды жана долбоорлорду сентябрь айына чейин түзүү керектиги айтылды.

Булак: Супер-Инфо, Автор: Максуда Кудайбердиева, Фото: Президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button