Дүйнө жаңылыктары

Макрон Францияда өзгөчө абал киргизилээрин жарыялады

Франция өзгөчө абал жарыялоого даярданууда. Бул тууралуу президент Эммануэль Макрон тополоңдон жабыркаган шаарлардын мэрлери менен жолугушууда билдирди.

“Биз өлкөгө өзгөчө абал жарыялоо жөнүндө мыйзамды киргизебиз”, – деп BFMTV француз лидеринин сөзүн келтирет.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, демонстранттар дээрлик төрт миң автоунааны, ошондой эле полиция имараттарын жана бийлик өкүлдөрүн өрттөштү. 250гө жакын банк филиалдары, 200гө жакын азык-түлүк дүкөндөрү жана 10го жакын соода борборлору тонолгон. Бир нече шаарларга полициянын атайын күчтөрү жайгаштырылган, бронетранспортерлер жана тик учактар ​​тартылган. 3000ден ашуун адам кармалган, алардын көбү жашы жете элек балдар.

Эскерте кетсек, Францияда полиция теги алжирдик 17 жаштагы өспүрүмдү атып өлтүргөндөн кийин тополоң чыккан. Күч түзүмдөрүнүн айтымында, өпүрүм алардын талаптарын аткаруудан баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button