Дүйнө жаңылыктары

“Курманжан Датка” тасмасы Стамбулдагы кино жумалыгында көрсөтүлөт

“Курманжан Датка” тасмасы Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган кино жумалыгында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстан кинематографисттер союзунан билдиришти.

Маалым болгондой, 10-15-июль аралыгында Стамбулда “On5Sifir7” кино жумалыгы өтөт. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Индонезия, Малайзия, Италия, Корея, Орусия, Иран, Түркия, Алжир, Венгрия, Португалия, Мексика жана АКШ өлкөлөрүнүн тасмалары көрсөтүлөт. Ошондой эле программада СССР учурунда тартылган тасмалар дагы бар.

Ал эми Кыргызстандын атынан “Садык Шер-Нияздын” “Курманжан Датка” тасмасы менен “Болот Шамшиевдин” “Эрте келген турналар” тасмасы көрсөтүлмөкчү.

Кино жумалыгын уюштуруу идеясы 2016-жылы 15-июлда болгон Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин пайда болгон.

Белгилей кетсек, иш-чарада дүйнөлүк кинематографиянын баш аламандык, эркиндик жана каршы чыгуу темасында тандалып алынган 20 тасмасы көрсөтүлөт.

Булак: Супер-Инфо

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button